SerepTV Logo

Бишкекте эмерек жасоочу ишканаларга калдыктарды өрттөгөндүгү үчүн 99 миң сом айып салынды

Бишкекте эмерек жасоочу ишканаларга калдыктарды өрттөгөндүгү үчүн 99 миң сом айып салынды

Бишкекте эмерек жасоочу ишканаларга өндүрүш калдыктарын өрттөгөндүгү үчүн 99 миң 500 сом айып салынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

"Эки күндүк текшерүүнүн натыйжасында, калдыктарды өрттөгөн бир канча объект аныкталды. Мештерде ЛДСП жана иштетилген унаа майларды өрттөө фактылары аныкталды, бул шаар экологиясына олуттуу зыян келтирүүдө", - деп айтылат маалыматта. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана мэрия үй-жай, текстиль, өндүрүш жана медициналык калдыктарды өрттөгөндүгү үчүн айып пул каралгандыгын эскертет. Мыйзамда жеке жактар үчүн 7 500 сом, юридикалык жактар үчүн 23 000 сом айып пул каралган.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="269463,269465,269466,269467"]