SerepTV Logo

Бишкекте эки унаанын катышуусундагы жол кырсыгынан 3 адам жабыркады

Бишкекте эки унаанын катышуусундагы жол кырсыгынан 3 адам жабыркады
 Бүгүн, саат 9:30дар чамасында Бишкектин Максим Горький менен 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталган. Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, Тойота Эстима менен маршруттук таксинин кагылышуусунда 3 адам жабыркаган. Алар Тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилген. Учурда окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иштеп жатат.
Unknown Author