SerepTV Logo

Бишкекте эки унаа сүзүшүп, жүргүнчү аял каза болду

Бишкекте эки унаа сүзүшүп, жүргүнчү аял каза болду
Бишкекте жол кырсыгы катталып, бир жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, кырсык 25-сентябрда саат 07:45 чамасында болгон. 1993-жылы туулган айдоочу Honda Aria унаа менен Бишкек — Кашка-Баш жолунда бара жатып, Hyundai Sonata унаасы менен сүзүшкөн. Кесепетинен Honda Aria унаасынын 1972-жылы туулган жүргүнчүсү (аял киши) каза болду. Айдоочулар ар кандай жаракаттары менен ооруканага жеткирилди.  
edita