SerepTV Logo

Бишкекте эки унаа сүзүшүп, 3 адам жабыркады (видео)

Бишкекте эки унаа сүзүшүп, 3 адам жабыркады (видео)
Бишкекте жеңил унаа менен кичи автобус сүзүштү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, жол кырсык бүгүн, 7-майда болжол менен саат 9:30 чамасында 7-Апрель менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Тойота Эстима менен Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Анын кесепетинен 3 адам жабыркап, ооруканага жеткирилди. [video width="400" height="400" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/05/t_video5235904217197054721.mp4"][/video]
edita