SerepTV Logo

Бишкекте эки унаа сүзүшүп, 3 адам жабыркады (сүрөт)

Бишкекте эки унаа сүзүшүп, 3 адам жабыркады (сүрөт)

Бишкектеги жол кырсыктан 3 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Жукеев-Пудовкин менен Безымянный көчөлөрүнүн кесилишинде Мерседес жана Хонда Фит унаалары сүзүшкөн. Кырсыктан 48 жаштагы киши, 21 жаштагы жигит, 14 жаштагы кыз жаракат алышкан.

Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, жабыркагандарды Тез жардам кызматкерлерине өткөрүшүп беришкен.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="71502,71503,71504"]