SerepTV Logo

Бишкекте эки унаа сүзүшүп, айдоочулар ооруканага жеткирилди (видео)

Бишкекте эки унаа сүзүшүп, айдоочулар ооруканага жеткирилди (видео)
Бүгүн, 21-апрелде Бишкек шаарындагы Дооронбек Садырбаев көчөсүндө BMW менен Lexus унаалары катышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, болжол менен саат 09:20 чамасында Баха көчөсү менен Шорсе көчөлөрүнүн кесилишинде Lexus үлгүсүндөгү автоунаа менен BMW үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 2 айдоочу тең ооруканага жеткирилген. Азыркы учурда автоунаалар убактылуу токтотуучу короо жайга токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда. [video width="1024" height="1280" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/04/t_video5474351653190634254.mp4"][/video]
edita