SerepTV Logo

Бишкекте эки өспүрүмдү коркутуп, телефонун тартып алган шектүү кармалды

Бишкекте эки өспүрүмдү коркутуп, телефонун тартып алган шектүү кармалды
Бишкекте каракчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти. 23-декабрь күнү Алтын-Казык жаңы конушунун 4-көчөсүнөн эки өспүрүм балдарды белгисиз жаран учтуу буюм менен коркутуп, Самсунг телефонун тартып алган. Андан соң белгисиз тарапка качып кеткен. Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесине (каракчылык) ылайык кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1976-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган.
edita