SerepTV Logo

Бишкекте эки маршруттук такси сүзүшкөн жол кырсыгынан 14 киши жабыркады

Бишкекте эки маршруттук такси сүзүшкөн жол кырсыгынан 14 киши жабыркады
Бишкекте эки маршруттук такси сүзүшкөн жол кырсыгынан 14 киши жабыркады. Бул тууралуу Тез жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, жол кырсыгы катталган жерге 6 бригада барган. Жабыркагандар орто оордуктагы жаракаттарды алышкан. 13 адам шаардагы 4-ооруканага, 1 киши Улуттук госпиталга жеткирилди. Жабыркагандардын арасында бала жок. Бүгүн, 26-январда саат 12:30 чамасында Элебесов жана Боталиев көчөлөрүнүн кесилишинде эки маршруттук такси сүзүшүп, жол кырсыгынан дагы бир жеңил унаа жабыркаганы маалым болгон.