SerepTV Logo

Бишкекте эки кабаттуу үй өрттөндү

Бишкекте эки кабаттуу үй өрттөндү
Борбор калаанын Көк-Жар конушунда жайгашкан эки кабаттуу үйдүн жыгач устундуу темир жабылган чатыры жана уктоочу бөлмөсү күйдү. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Өрттү өчүрүүгө үч бөлүм тартылды. Жалын саат 06:21де чектөөгө алынып, саат 08:00дө толук өчүрүлдү. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жок.