SerepTV Logo

Бишкекте "Дордой" базарындагы кафеден өрт чыкты (видео)

Бишкекте "Дордой" базарындагы кафеден өрт чыкты (видео)
Бүгүн, 5-июль күнү Бишкек шаарындагы "Дордой" базарында жайгашкан кафеден өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты. Алдын ала маалымат боюнча, "Дордой" базарында жайгашкан кафеден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 10:19да Свердлов райондук №2 ӨКБдан 1 бөлүм, кошумча саат 10:25те Свердлов райондук №3 ӨКБдан 2 бөлүм, саат 10:30да Бишкек шаардык №8 АӨКБдан 1 бөлүм, 1 суу ташуучу унаа, саат 10:30да Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 автошаты, саат 10:33тө Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 10:36да Ленин райондук №6 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 6 бөлүм жана Штаб тартылган. Кошумча маалымат берилет.