SerepTV Logo

Бишкекте добуш сатып алууга шектүүлөр кармалды (видео)

Бишкекте добуш сатып алууга шектүүлөр кармалды (видео)
Шайлоочуларды сатып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, милицияга борбор калаанын тургуну Нурлан [аты өзгөртүлдү] Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин бирин колдоп шайлоочуларды сатып алуу менен активдүү алектенип жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты Жазык кодексинин 192-беренеси (шайлоочуларды сатып алуу) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө талапкерге жана партияга үгүт иштерин жүргүзүп жаткан 2 жаранга 10 миң сом бергени аныкталды. Алар аны 10 шайлоочуга бөлүп бериши керек болчу.