SerepTV Logo

Бишкекте диджейди атып өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды (сүрөт)

Бишкекте диджейди атып өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды (сүрөт)
Бишкекте 1983-жылы туулган, өз чөйрөсүнө «DJ Casper» каймана аты менен таанылган жиджейди атып өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, Свердлов РИИБ менен Бишкек ШИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип 1984-жылы туулган Л.В. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. "Шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда ок атуучу куралдар жана ок-дарылар табылды: тиешелүү документтери жок ТОЗ-8 мылтыгы, тиешелүү документтери жок МС 2001-915179 мылтыгы, 4,5 калибрдеги пневматикалык тапанча, 9 миллиметр ПМ тапанчасынын 3 даана октору , 9 миллиметрдик патрондордун капкактары 3 даана жана 9 миллиметрдик 2 даана ок табылды",- деп айтылат маалыматта. Учурда тергөө иштери уланып жатат. Эске салсак, 24-февраль күнү Бишкектин Чыгыш-5 кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен эркек кишинин жансыз денеси табылган. Кийинчерээк анын атып өлтүрүлгөнү маалымдалган эле. 26-февраль күнү маркумдун аты-жөнү такталып, өз чөйрөсүндө «DJ Casper» аттуу каймана ат менен белгилүү экени аныкталган. Ал музыкалык аппараттарды ижарага берүү менен ошондой эле маареке тойлордо диджей катары иштеп, эмгек кылчу.  
edita