SerepTV Logo

Бишкекте дагы эки бөбөк көп кабаттуу үйдөн кулап, каза болду

Бишкекте дагы эки бөбөк көп кабаттуу үйдөн кулап, каза болду
Бишкекте дагы эки бөбөк көп кабаттуу үйдөн кулап, каза болду. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 16-мартта Үмөталиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 9-кабатынан болжол менен 4-5 жаштагы 2 бала кулап кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Милициядан экөө тең кырсык болгон жерде каза болгонун билдирди. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. Бүгүн 7-кичи райондо 6-кабаттан 6 жаштагы кыз кулап, ооруканада көз жумган.
edita