SerepTV Logo

Бишкекте чөнтөкчүлөр кармалды (сүрөт)

Бишкекте чөнтөкчүлөр кармалды (сүрөт)
Бишкекте чөнтөк уурулукка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. 13-мартта Биринчи Май РИИБге жаран кайрылган. Анткени аталган күнү Чүй проспектисинде жайгашкан кичи автобустардын биринде iPhone 8 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана 1 миң 200 сом өлчөмүндөгү акчасы салынган капчыгын уурдап кетишкен. Алар качып кетүүгө аракет кылып жатканда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголду. Бишкек ШИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн мурда бир нече жолу соттолгон 1988-жылы туулган Б.Н., 1989-жылы туулган С.А. жана 1998-жылы туулган Ч.М. аттуу жарандар аныкталып, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="232340,232341,232342"]