SerepTV Logo

Бишкекте Чоң-Арык айылында тоо боору өрттөнүп кетти

Бишкекте Чоң-Арык айылында тоо боору өрттөнүп кетти
Кечээ, 16-июлда Бишкек шаарынын четиндеги тоо боорун өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМ кызматынан маалымдашты.
"Такталган маалымат боюнча, шаар четиндеги Чоң-Арык айылына жакын тоо боорунда куураган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 14:50дө Ленин райондук №28 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 22:37де Сокулук райондук №23 ӨКБдан 4 куткаруучу АКУ менен, саат 22:58де Бишкек шаардык №8 АӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Кошумча маалымат берилет", - деп билдирет маалымат кызматы.