SerepTV Logo

Бишкекте чет өлкөлүктөргө кызмат көрсөткөн сойкукана табылды (видео)

Бишкекте чет өлкөлүктөргө кызмат көрсөткөн сойкукана табылды (видео)
Чет элдик жарандар үчүн кызмат көрсөткөн жашыруун сойкукананын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан системалуу ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында борбор калаанын аймагында караоке клубунун кейпин кийип, чет өлкөлүк жарандар үчүн гана интимдик мүнөздөгү эскорт кызматтарын уюштурган жашыруун жай аныкталды. Топтолгон материалдардын негизинде, 5-сентябрында козголгон кылмыш ишинин алкагында жогоруда аталган жайда жүргүзүлгөн тинтүү иш-чараларынын натыйжасында жашыруун түрдө интимдик кызмат көрсөтүп жүргөн 36 кыз, ошондой эле бул жайдын кызматынан пайдаланган 19 чет элдик жаран аныкталды. Аталган жайдын уюштуруучусу кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
edita