SerepTV Logo

Бишкекте чет өлкөлүктөр арасында мушташ катталды. Милиция эмне дейт?

Бишкекте чет өлкөлүктөр арасында мушташ катталды. Милиция эмне дейт?
Кечээ, 4-ноябрда социалдык тармактарда "Бишкекте чет өлкөлүктөрдүн арасында мушташ катталды" деген видео тараган. Бишкек ШИИБден окуя боюнча маалымат беришти. Маалыматка караганда, мушташ тууралуу маалымат милицияга 3-ноябрда саат 04:50 чамасында түшкөн. Жерине Бишкек ШИИБдин кызматкерлери барган учурда пикир келишпестиктен улам мушташ чыкканы маалым болгон. Аталган факты боюнча териштирүү иштери башталган. Кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган эки чет өлкөлүк жаран кармалган. Тергөө уланууда.