Бишкекте чала таанышынан 70 миң сомду алып, качып жүргөн шектүү кармалды
Январь айында чала таанышынын ишенимине кирип, 70 миң сомду алып, качып кеткен кылмышка шектүү кармалды. Бул тууралуу 1-Май РИИБден билдиришти.
"24-январь күнү жаран чала таанышы "Илбирстин" жанында ишенимине кирип, 70 миң сомун алдап алып кеткендигин айтып арыз менен кайрылган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 209-берене (алдамчылык) менен катталган. Иликтөөнүн жыйынтыгында кылмышка шектелип 2001-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда анын дагы башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогу аныкталууда", - деп жазылат маалыматта.