SerepTV Logo

Бишкекте "Ак бата" чайканасынан чыккан өрт өчүрүлдү (сүрөт)

Бишкекте "Ак бата" чайканасынан чыккан өрт өчүрүлдү (сүрөт)
Бишкекте чайканада чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен улам жакын жайгашкан 2 турак үй сакталып калган. "Ак-Бата" чайканасынан чыккан өрт саат 12:58де толук өчүрүлдү. Өрттү өчүрүүгө саат 11:04төн тарта ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын №4, №8 өрт куткаруу бөлүктөрүнөн жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылган. Тилсиз жоо саат 11:33тө чектөөгө алынып, саат 12:58де толук өчүрүлдү. Бактыга жараша жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="207120,207121,207122"]