Бишкекте чагылган түшүп, атчан адам көз жумду
Бишкектеги Ак-Кула ат майданында чагылган атчан адамга түшүп, көз жумду. Маалыматты Ленин РИИБден тастыкташты.
Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 12-июнда катталган. "Аталган факты каттоого алынды. Тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Күбөлөр суралып жатат",- деп айтылат милициянын маалыматында.