SerepTV Logo

Бишкекте чачташкан аялдар милицияга жеткирилди

Бишкекте чачташкан аялдар милицияга жеткирилди
Бишкекте коомдук жайда мушташкан аялдар аныкталып, камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти. 18-июнь күнү социалдык тармактарда Кулиев көчөсүндө аялдардын мушташкан видеосу тараган. Аталган маалымат Биринчи Май РИИБи тарабынан каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө 1990 жана 2000-жылы туулган жарандар аныкталып, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине ылайык (майда бейбаштык) протокол түзүлүп, камакка алынган. Жыйынтыгы менен тийиштүү юридикалык баа берилет.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от uvd_pervomaisky312 (@uvd_pervomaisky)

edita