SerepTV Logo

Бишкекте бирөөнүн iPhone X телефонун күрөөгө коюп, из жашырган шектүү 15 күнгө камакка алынды

Бишкекте бирөөнүн iPhone X телефонун күрөөгө коюп, из жашырган шектүү 15 күнгө камакка алынды
Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. 7-майда милицияга тургун арыз менен кайрылып, 3-августта саат 10:00дөр чамасында Бишкек шаарындагы соода борборлорунун бирине жакын жерде туруп, ишенимине кирип, алдоо жолу менен 50 миң сомго 40 миң сомдук уюлдук телефон сатып алам деп убада берип, арыз ээсинин iPhone X үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун алып, күрөөканага коюп, из жашырган.  Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1994-жылы туулган жаран кармалып, соттун чечими менен 15 күнгө СИЗО-1ге камакка алынган.