SerepTV Logo

Бишкекте бир нече унааны өрттөгөн делип, 33 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте бир нече унааны өрттөгөн делип, 33 жаштагы жаран кармалды
Милиция кызматкерлери унааларды өрттөгөн делген шектүүнү кармашты. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 31-январда болжол менен саат 01:45 чамасында Бишкек ШИИБдин "102" кызматына Ахунбаев менен Абай көчөлөрүнүн кесилишинде унаа күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барган учурда, жабырлануучу анын Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаасын өрттөп кетишкенин айтып, арыз жазган. Мындан тышкары, 31-январга караган түнү Бишкек шаарынын ар кайсы аймактарында турган дагы 6 унаа өрттөлгөн. Аталган фактылар Октябрь РИИБге Жазык кодексинин 216-беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1989-жылы туулган жаран кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Анын дагы башка кылмыштарга тийиштиги бар же жогу аныкталып жатат. Тергөө уланууда.