SerepTV Logo

Бишкекте бир нече алдамчылык кылмышына шектелген жаран кармалды

Бишкекте бир нече алдамчылык кылмышына шектелген жаран кармалды
Бишкекте бир нече алдамчылык кылмышы боюнча шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБиден маалымдашты. "21-июнь күнү Ж.Г. аттуу жаран М.У. аттуу жаран Анар-Бак жаңы конушунан жер сатып берем деп андан 8 миң доллар акчасын алып, из жашырып кеткенин айтып арыз менен кайрылган.  Аталган факты боюнча алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголуп, 1958-жылы туулган М.У. кармалган. Октябрь райондук сотунун чечими менен шектүүнүн бөгөт чарасы каралып, бир айга СИЗО-1ге камакка алынды. Андан сырткары аталган жарандын алдамчылык фактысы боюнча бир нече кылмыш ишине катыштыгы бар экендиги аныкталды",- деп жазылат маалыматта.