SerepTV Logo

Бишкекте бир жуманын ичинде жол эрежеси 3999 жолу бузулду

Бишкекте бир жуманын ичинде жол эрежеси 3999 жолу бузулду
29-октябрдан тартып 4-ноябрга чейин Бишкек шаарынын аймагында Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 3999 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине аталган кызматтан билдиришти. Алардын ичинен:
  • Мас абалында унаа башкарган 61 айдоочу;
  • Унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылаткан 13 айдоочу;
  • Айдоочулук кубөлүгү жок унаа башкарган 47 жаран;
  • Жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулардын 52 учуру;
  • Башка жол эрежелерин бузуулар 3826 жолу катталган.
395 унаа ар кандай бузуулары үчүн убактылуу айып короо жайына токтотулган.