Бишкекте бир аптанын ичинде мас абалында унаа башкарган 99 айдоочу кармалды
Борбор калаада 5-11-март күндөр аралыгында 6 миң 866 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алардын ичинен:
- мас абалында унаа башкаруу – 99;
- автоунааны атайын караңгылатуу – 15;
- айдоочуга жана унаага тиешелүү документи жок унаа башкаруу – 103;
- башка жол эрежелерин бузуу – 6649.
Мындан сырткары 499 автоунаа жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу айып короо жайына токтотулду.