SerepTV Logo

Бишкекте бир жумада 5089 жолу жол эрежеси бузулду

Бишкекте бир жумада 5089 жолу жол эрежеси бузулду
Бишкек шаарынын аймагында 23-апрелден 29-апрелге чейин жол эрежелери бузулган 5089 факты аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти. Алардын ичинен:
  • Мас абалында автоунаа башкаргандар — 36;
  • Унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдагандар — 13;
  • Айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаргандар — 54;
  • «Коопсуз шаар» долбоору боюнча — 41;
  • Башка жол эрежелерин бузгандар — 4945.
401 автоунаа айып короого токтотулган.
edita