SerepTV Logo

Бишкекте бир жумада 5 миң 137 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Бишкекте бир жумада 5 миң 137 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды
Өткөн аптада Бишкек шаарында 5 миң 137 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Бишкек Патрулдук милиция кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалымат боюнча, 66 айдоочу мас абалында кармалып, караңгылатылган унааларда жүрүшкөн - 14, айдоочулук күбөлүгү жоктор - 72 адам, эки автоунаа бейбаштыгы, "Коопсуз шаар" долбоору боюнча - 27, башка мыйзам бузуулар - 4 миң 956 түзгөн. Бир жума ичинде 426 унаа айып аянтчасына киргизилген.
Unknown Author