SerepTV Logo

Бишкекте бир жума ичинде 215 жол эрежесин бузуу катталган

Бишкекте бир жума ичинде 215 жол эрежесин бузуу катталган
Бишкекте бир жуманын ичинде  215 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалымат боюнча, жол эрежесин бузган унаалардын ичинде Орусиянын мамлекеттик номурлары менен 182 унаа, Армения менен 9, Абхазия менен 8, Грузия менен 11 унаа. Айып пулдарды төлөбөгөндүгү, кечиктиргендиги жана өз убагында каттоодон өтпөгөндүгү үчүн 5 унаа айып короого жайына токтотулган. Буга чейин Кыргызстанда абхазиялык номурлары бар 10 унаа кармалганы маалымдалган. Алардын ээлери митинг өткөрүшкөнү айтылды.
Unknown Author