SerepTV Logo

Бишкекте белгисиз жаран кызга бычак сайды

Бишкекте белгисиз жаран кызга бычак сайды
Бишкекте кыз кишиге бычак менен кол салуу болду. Бул тууралуу Октябрь райондук ИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 10-апрелге караган түнү Сухэ-Батор көчөсүнөн шаар тургунуна белгисиз бирөө кол салган. Ал кыздын оң ийнине жана билегине жаракат келтирген. Жабырлануучу милицияга кайрылып, бул факт "Бейбаштык" беренеси менен катталды. Алынган жаракаттардын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Милиция кылмышка шектүүнү издеп жатат.
Unknown Author