Бишкекте батирден 90 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды
Кечээ, 6-июнда Бишкектеги батирлердин биринен 90 жаштагы аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, куткаруучулар Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү үйдүн батирине барып, эшигин ачып беришкен. Ичинен 1932-жылы туулган аял кишинин жансыз денесин табышкан. Жансыз дене укук коргоо кызматкерлерине өткөрүп берилди.