Бишкекте батирден 130 миң доллар уурдаган шектүү кармалды
Бишкекте уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Октбярь РИИБден билдиришти.
9-декабрь күнү Октябрь РИИБге жаран кайрылып, Бишкек шаарынын 6-кичи районунда жайгашкан үйлөрдүн биринен 130 миң АКШ долларын уурдаган жаранга чара көрүүнү суранган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1989-жылы туулган жаран аныкталып, кармалган. Козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүүдөн 74 миң 400 АКШ доллары өлчөмүндөгү каражат табылган. Учурда тергөө иштери уланууда.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="265866,265867,265868"]