SerepTV Logo

Бишкекте батир алдамчылыгы боюнча шектүү кармалды (видео)

Бишкекте батир алдамчылыгы боюнча шектүү кармалды (видео)
Өзгөчө ири өлчөмдөгү бир катар алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. 2022-жылдын 19-августунда Ленин РИИБге С.К. аттуу жаранга карата чара көрүү арызы түшкөн. Анда 2022-жылдын 9-мартында арыз жазган адамдын ишенимине кирип, алдоо жолу менен батирдин төлөмүн бөлүп-бөлүп алуу шылтоосу менен Севастопольская көчөсүндө курулуп жаткан 6 миллион 351 миң 86 сомдук көп кабаттуу үйдөн 3 бөлмөлүү батирди менчиктеп алып, үчүнчү жактарга сатып, андан түшкөн акчаны жеке муктаждыктарына жумшап, белгисиз тарапка изин жашырып кеткен. Аталган факты Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон. Кылмышты жасоого катышкан адамдын жашаган жери аныкталбагандыктан, райондук башкармалыктын Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (алдамчылык) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн сырттан айып тагылган. Арыздын негизинде, Ленин райондук соту шектүү ага карата Бишкек шаарындагы №1 Тергөө камак жайына камакка алуу түрүндөгү сырттан баш коргоо чарасын тандаган. Андан соң издөө иштери козголгон. 2024-жылдын 13-февралында иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек ШИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн 1976-жылы туулган жарандын изине түшүшүп, Тергөө кызматына жеткирилди. Учурда анын ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды.