Бишкекте башаламан соода кылгандарга 144 миң сом айып салынды (фото)
Бишкекте башаламан соода-сатык кылгандарга карата рейд өткөрүлүп, 144 000 сом айып салынды. Бул тууралуу Кайгуул кызматынан маалымдашты.
- Милициянын кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмү эки күндүк рейддин алкагында жол жээктерде күйүүчү май, жер-жемиштерди мыйзамсыз саткандарды, ордунан жылуучу дөңгөлөктүү дүкөндөрдө балмуздак, суусундуктарды саткандарды текшерип, 48 мыйзам бузууну аныктаган.
Аталган 48 башаламан соода кылган жарандардын ар бирине 179-берененин 1-бөлүмүнө (Жол жээгиндеги тилкелерде тиешелүү органдар менен макулдашпастан, соода түйүндөрүн, тамактануу пункттарын, сервистерди же жарнама такталарын, паннолорду, афишаларды, транспаранттарды, көрнөктөрдү, плакаттарды, белгилерди, көрсөткүчтөрдү куруу же уюштуруу ) ылайык, тийиштүү протоколдор толтурулуп, ар бирине 3000 сомдон айып салынды. Айыптын жалпы суммасы 144 000 сом болду", - деп билдирет басма сөз кызматы.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="129597,129598,129599,129600"]