SerepTV Logo

Бишкекте аялын өлтүрүүгө шектүү милицияга өзү чалган

Бишкекте аялын өлтүрүүгө шектүү милицияга өзү чалган
Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 19-январда саат 20:28 чамасында Бишкек ШИИБдин "102" кызматына эркек киши чалып, 18-январда аялы менен уруша кетип, өлтүрүп алганын айткан. Аталган факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1974-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды. Тергөө уланууда.
edita