SerepTV Logo

Бишкекте аялын аёосуз сабап жаткан жарандын видеосу тарады. Милиция эмне дейт?

Бишкекте аялын аёосуз сабап жаткан жарандын видеосу тарады. Милиция эмне дейт?
Кечээ, 29-апрелде социалдык тармактарда эркек киши аял кишини аёосуз сабап жаткан видео жарыяланган. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти. Аталган факты Октябрь РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Иликтөөнүн жүрүшүндө 1999-жылы туулган жаран аныкталып, Октябрь РИИБге жеткирилген. Алдын ала тергөө иштеринин жүрүшүндө чыр кызганычтан улам чыккан, ал эми анын жубайы арыз жазуудан баш тарткан. 1999-жылы туулган жаранга карата тарбиялык жана профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине (майда бейбаштык) ылайык протокол түзүлүп, соттун чечими чыкканга чейин райондук башкармалыктын убактылуу камерасына камакка алынды. Азыркы учурда жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, андан ары тергөөгө чейинки иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от УВД Октябрьского района (@uvdoktyabrsky)

edita