SerepTV Logo

Бишкекте аялдын жансыз денеси табылган. Милиция жакындарын издеп жатат

Бишкекте аялдын жансыз денеси табылган. Милиция жакындарын издеп жатат
9-декабрда саат 20:00 чамасында Бишкектеги Кулиев көчөсүндө 40-45 жаштар чамасындагы аялдын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. Белгилери: бою 160-165 сантиметр, чачы кара жана кыска. Орто дене түзүлүштө. Сол бетинде калы бар. Жансыз дене табылган учурда кара куртка, кара-көк толстовка, кызгылт түстөгү футболка, кара шым, боз байпак, кара бут кийими менен болгон. Ошондой эле аялдын аты болжолдуу Жылдыз экени такталган. Кимде-ким сүрөттөгү жаранды тааныган болсо, же жакындарын билсе милиция 0705 450 553, 0551 088 330, 0553 102 465, 0312 352 605 номурларына кабарлап коюуну суранды. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="253001,253002"]