SerepTV Logo

Бишкекте аялды зордуктоого шектелип 45 жаштагы киши кармалды

Бишкекте аялды зордуктоого шектелип 45 жаштагы киши кармалды
Бишкекте аялды зордуктоо фактысы катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 23-январь, түнкү саат 01:00дө Бишкек шаарынын тургуну А.А.С. аттуу жаран ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Ал 22-январдан 23-январга караган түнү жашы 45тер чамасындагы белгисиз жаран аны зордуктап койгонун айтып арызданган. Кылмышка шектелип, 1976-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалды. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 161-берененин (зордуктоо) негизинде кылмыш иши козголду.
Unknown Author