SerepTV Logo

Бишкекте аял кызынын зордукталганын айткан. Шектүү кармалды

Бишкекте аял кызынын зордукталганын айткан. Шектүү кармалды
Бишкекте жашы жете элек кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, милицияга 24-майда арыз менен шаардын тургуну кайрылып, 13-майда саат 21:30 чамасында Чыңгыз Айтматов проспектиси жакта чала таанышы унаасын токтотуп, күч колдонуп анын жашы жете элек кызын зордуктап салганын айткан.  Аталган факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1985-жылы туулган жаран кармалып, СИЗО-1ге 2 айга камакка алынган. Учурда тергөө уланууда.