SerepTV Logo

Бишкекте автоунаалардын дөңгөлөктөрүн уурдоого шектелип 45 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте автоунаалардын дөңгөлөктөрүн уурдоого шектелип 45 жаштагы жаран кармалды
Бишкекте автоунаалардын дөңгөлөктөрүн жана катализаторлорун урдоого шектелип 45 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 26-январында болжол менен саат 06:10 чамасында Бишкек ШИИББге шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал Павлов менен Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен унаасынын дөңгөлөктөрүн белгисиз жарандар чечип кетишкенин айткан. Милициянын кайгуул кызматкерлери айтылган дарекке барып, арыз ээсинин Гольф 3 үлгүсүндөгү авто унаасынын 2 дөңгөлөгүн белгисиз жарандар чечип, 14 миң сомдук зыян келтиргенин аныкташкан. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү катары 1976-жылы туулган жаран кармалды. “Ал дагы башка Mercedes-Benz үлгүсүндөгү авто унаанын катализаторун чечип алуу максатында унаанын дөңгөлөктөрүн чыгарып жаткан жеринен кармалды”, - деп айтылат маалыматта. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, уурдоо беренесине ылайык кылмыш иши козголду.
Unknown Author