SerepTV Logo

Бишкекте автобуста жигиттин телефонун уурдаган учур видеого түшүп калган

Бишкекте автобуста жигиттин телефонун уурдаган учур видеого түшүп калган
Бишкекте бир нече уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. 23-ноябрь күнү Свердлов РИИБге 2005-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү коомдук транспорттон белгисиз адамдар уюлдук телефонун уурдап кеткенин билдирген. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүгү (уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган жаран кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
edita