Бишкекте асманга ок чыгарган жигит өз ыктыяры менен тапанчаны өткөрүп берди
Чүй менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде асманга ок чыгарган чыгарган жигит ГБРдин (ыкчам ылдамдык тобу) кызматкери экенин 25-ноябрда Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Окуя 12-ноябрга караган түнү болгон. Анын бул кылыгы видеого тартылып, кийин социалдык тармактарга тараган. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 121-беренеси (калктуу конуштарда ок атуучу куралдан атуу) менен катталган. 24-ноябрь күнү милиция бөлүмүндө 2002-жылы туулган жигит өз ыктыяры менен МР-371 КВ факелдик тапанчасын жана гильзасы жок огун тапшырган. Экспертиза дайындалды.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="85310,85311"]