SerepTV Logo

Бишкекте асманга ок чыгарган жигит кармалды

Бишкекте асманга ок чыгарган жигит кармалды
Бишкекте форма кийип, асманга ок чыгарган жигит кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. Аталган факты Бишкек шаарынын Ленин РИИБге каттоого алынып, Жазык кодексинин 121-беренеси (калктуу конуштарда ок атуучу куралдан атуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, 12-ноябрда саат 03:00 чамасында Чүй проспектиси менен Турусбеков көчөсүнүн кесилишине жакын жерде жүргөн жаран белгисиз үлгүдөгү тапанчадан асманга ок чыгарганы аныкталган. Бүгүн, 24-ноябрда издөө иштеринин натыйжасында, 2002-жылы туулган жаран кармалып, Ленин РИИБге жеткирилди. Тергөө уланууда.