SerepTV Logo

Бишкекте алдамчылыкка шектүү аял кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектүү аял кармалды
Милиция кызматкерлери алдамчылык фактысы боюнча издөөдө жүргөн шектүүнү кармашты. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти. 2022-жылдын 12-декабрь күнү Октябрь РИИБге жаран арыз менен кайрылып, 2018-жылы анын ишеничине кирип, Сокулук районунун аймагынан үй курууга эки жер тилкесин алып берерин айтып, 4 миң долларын алып, убадасын аткарбай изин жашырып кеткен жаранга чара көрүүнү суранган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө 1966-жылы туулган жаран аныкталып, кармалган. Азыркы учурда анын ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар же жок экени аныкталып жатат.
edita