SerepTV Logo

Бишкекте алдамчылыкка шектелген аял кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген аял кармалды
Биринчи Май РИИБи тарабынан алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 1-ноябрда милицияга аял киши кайрылып, 29-сентябрда Мурас-Ордо жаңы конушунда анын ишенимине кирип, үйүн сатам деп 29 миң доллар алып, үйдү башка адамга сатып, из жашырган аялга чара көрүүнү суранган. Кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган аял кармалып, камакка алынды. Тергөө жүрүп жатат.