SerepTV Logo

Бишкекте 12 миң долларды алдап алууга шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Бишкекте 12 миң долларды алдап алууга шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери алдамчылык жолу менен ири өлчөмдөгү акча каражатын ээлеп алган шектүүнү кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясына бир жаран арыз менен кайрылып, анда анын ишенимине кирип, пайдалуу келишим түзөбүз деген шылтоо менен 12 миң долларын ээлеп алган адамга карата чара көрүүнү суранган. Жабырлануучуга ири материалдык чыгым келтирилген. Аныкталгандай, шектүү өзүн автоунаалар менен алектенген ишкер катары тааныштырып, Toyota Land Cruiser 200 үлгүсүндөгү автоунааны сатып алууну көздөп жатканын, бирок акча каражаты жетпей жатканын айткан. "Чала тааныш адамдын айтканына ишенген жабырлануучу ири өлчөмдөгү акча каражатынан кол жууган. Акча каражатын алган соң шектүү белгисиз тарапка изин жашырып качып кеткен", - деп айтылат маалыматта. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Бишкек шаарынын Ленин РИИБи Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен сотко чейинки өндүрүш катталган. Тергөөнүн жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү делип 1983-жылы туулган жаран кармалды. Маалым болгондой, ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Азыркы учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="58395"]
Unknown Author