SerepTV Logo

Бишкекте айдоочу "Тазалыктын" кызматкерин сүзүп кетип, ал каза болду

Бишкекте айдоочу "Тазалыктын" кызматкерин сүзүп кетип, ал каза болду
Бүгүн, 12-декабрда Бишкекте Чыгыш автовокзалына жакын жерде Mazda Atenza үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу "Тазалыктын" кызматкерин сүзүп кетти. 1974-жылы туулган "Тазалыктын" кызматкери ооруканага жетпей каза болду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан маалымдашты. Маалыматтарга караганда, кырсык катталгандан кийин айдоочу Тез жардам чакырган. 1998-жылы туулган айдоочу кармалып, тергөө иштери жүрүп жатат.