SerepTV Logo

Бишкекте айдоочу 28 жаштагы кызды сүзүп, качып кеткен. Кылмышка шектүү кармалды

Бишкекте айдоочу 28 жаштагы кызды сүзүп, качып кеткен. Кылмышка шектүү кармалды
Бишкекте айдоочу кызды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, 1-февралда саат 17:30 чамасында Фучик көчөсүндөгү өтмөктө жол кырсыгы катталган. Айдоочу 28 жаштагы кызды сүзүп, жардам көрсөтпөй, качып кеткен. Кылмышка шектелип, Toyota Corolla үлгүсүндөгү унаанын 19 жаштагы айдоочусу кармалган. Тергөө уланууда.