SerepTV Logo

Бишкекте айдоочу 17 жаштагы кызды сүзүп кетти (видео)

Бишкекте айдоочу 17 жаштагы кызды сүзүп кетти (видео)
Кечээ, 17-майда айдоочу жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан 17 жаштагы кызды сүзүп кеткен. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Кырсык саат 08:00 чамасында катталган. 1988-жылы туулган айдоочу Kia K5 үлгүсүндөгү унаасы менен Сүйөркулов көчөсү менен бара жатып, №17 орто мектептин тушунан жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан жөө жүргүнчүнү сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен 2005-жылы туулган жөө жүргүнчү жабыркап №3 балдар ооруканасына жеткирилген. Ал эми унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, тийштүү экпертизалар дайындалып, айдоочуга карата тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Байказы Айтикул уулу (@baikazy_official)