SerepTV Logo

Бишкекте 9-кабаттан кулап түшкөн жигит аман калды (видео)

Бишкекте 9-кабаттан кулап түшкөн жигит аман калды (видео)
Бишкекте жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 9-кабатынан 18 жаштагы куруучу кулап түштү. Бул тууралуу маалыматты Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий борборунан тастыкташты. Маалыматка ылайык, аталган борборго 2002-жылы туулган жигит ички органдар травмасы, ошондой эле баш мээси чайкалган абалда келип түшкөн. Анда бейтаптын жакындары ал Бишкектин жаңы курулуп жаткан курулуш объектисинин 9-кабатынан кулап түшкөнүн айтышкан. “Учурда бейтаптын абалы орточо оор", - деп билдиришти ооруканадан. Ошондой эле интернет айдыңында аталган жабырлануучунун кулаган видеосу тараган. Анда социалдык тармак колдонуучулары курулуштун ээси кырсыктын болушуна куруучу өзү күнөөлүү экенин айтып, дары-дармегинин акчасын төлөп берүүдөн баш тартып жатканын жазышкан. Ошондой эле алар  курулуштун ээсинин аялы башкы прокурордун орун басарынын бир тууганы экенин да айтышууда . [video width="640" height="640" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/03/process.kg-on-facebook-watch.mp4"][/video]
Unknown Author